05.03.2021 Ак калпак күнүңүздөр менен!
Кыргызстанда жыл сайын 5-мартта кыргыздардын улуттук баш кийими - Ак калпак күнү белгиленет.
"КУЭТ" ААК кызматкерлери кыргызстандыктарды бүгүнкү майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт жана ден соолук, акылмандык, ошондой эле руханий адеп-ахлакты жана патриоттуулукту чыңдоону каалайт!
Ак калпак - кыргыздардын улуттук баш кийими. Анын формасы жана оймо-чиймелери өзгөрүлбөй, муундан муунга өтүп келген. Алардан кыргыздар эркектин жаш курагын жана статусун билишкен.
Поделиться в социальных сетях