05.03.2021 “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын энергетиктери Жалал-Абад облусунун ашуу участкаларында жайгашкан жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгысындагы (ЭБЧ) авариянын кесепеттерин жоюуда
2021-жылдын 25-февралында 19 саат 31 мүнөттө “Токтогул ГЭС – Датка” 500 кВ АЧ (Ч-554) авариялык үзгүлтүккө учурап, автоматтык түрдө кайталап туташтыруу ийгиликсиз болгон.
“КУЭТ” ААКтын Жалал-Абад филиалындагы чубалгы кызматынын Таш-Көмүр жана Жалал-Абад участокторунун бригадалары 500 кВ АЧны текшерүүгө барышкан, бирок кардын калыңдыгынан (1,0 метрге чейин) ашуудагы участокту текшерүүгө мүмкүн болгон эмес. АЧнын бузулган жерин издөө үчүн тик учак алынып келинип, аны менен Ноокен районунун түндүк тарабындагы Шайдансай суусунун боюнда чубалгынын үстүнөн учуп жүргөндө кар көчкүнүн айынан кулап калган ЭБЧнын тирөөчү табылды.
Энергетиктер тирөөчкө келтирилген зыяндын мүнөзүн аныкташты, ал эми ӨКМдин кызматкерлери тарабынан кар көчкүнүн мүнөзү жана көлөмү, кар көчкүнүн түшүүсү жана жер көчкүнүн жүрүшү мүмкүндүү болгон авариялык аймактар, ошондой эле бузулган тирөөчкө кирүүчү жолдорду тазалоо боюнча иштердин көлөмү аныкталды.
Ведомстволор аралык топтон турган Улуттук энергетикалык холдингдин башкармасынын төрагасы Б.Сыдыков, “КУЭТ” ААКтын башкы директору Э.Куданалиев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башчысы А.Закиров, ошондой эле Гидрометеорология агенттигинин жана башка тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү бузулган тирөөчкө кирүүчү жолдорду тазалоо жана кар көчкүлөрүнө каршы коопсуздук чараларын көрүү боюнча иштерди улантуу жөнүндөгү биргелешкен актыга кол коюшту.
Жогоруда аталган иштер ӨКМ адистеринин катуу көзөмөлү астында бардык коопсуздук чараларын сактоо менен жүргүзүлүүдө.
Учурда, кирме жолдорду тазалоого энергетикалык компаниялардын жеке техникаларынан тышкары ӨКМдин, Транспорт министрлигинин жана “Кыргызнефтегаз” ААКтын атайын техникалары тартылды.
|
|
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта