07.05.2021 Aба ырайынын кескин начарлашынын (күн күркүрөө, нөшөрлүү жаан, катуу шамал) натыйжасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы энергетикалык объектти суу каптады
Бүгүн, 2021-жылдын 7-майында, саат 00:29дө, аба ырайынын кескин начарлашынын (күн күркүрөө, нөшөрлүү жаан, катуу шамал) натыйжасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы энергетикалык объектти суу каптады.
“Табачная” 110/10 кВ көмөк чордонунун жабдууларын (110 кВ АБТ, 10 кВ ССБТ, кабелдик каналдарды) сел каптады, ушуга байланыштуу Кыргызстан улуттук электр тармагынын Ош филиалынын кызматкерлери электр жабдууларынын бузулушуна жол бербөө максатында көмөк чордондун жабдууларын кол менен өчүрүштү.
Аварияларды калыбына келтирүүчү бригадалар тарабынан суу каптоонун кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иштер түндөн бери жүргүзүлүп жатат.
Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо бир күндүн ичинде калыбына келтирилет.
Поделиться в социальных сетях