07.05.2021 Кыргызстан улуттук электр тармагынын кызматкерлери КР Энергетика тармагынын ардагерлер кеңеши менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Анатолий Федорович Августовскийди куттукташты
Бүгүн, 2021-жылдын 7-майында Кыргызстан улуттук электр тармагынын кызматкерлери КР Энергетика тармагынын ардагерлер кеңеши менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Анатолий Федорович Августовскийди Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 76 жылдыгы менен куттукташты. Быйыл ал 99 жашка чыкты.
Компаниянын жетекчилигинин жана КР Энергетика тармагынын ардагерлер кеңешинин атынан Анатолий Федоровичке Жеңиш алып келгендиги үчүн, жана Кыргызстандын энергетикалык тутумун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдиришти, ага Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына карата даректүү куттуктоо, “Кыргыз энергетикалык тутумунун калыптанышы жана өнүгүшү жөнүндө” буклет ыйгарышты, ошондой эле материалдык жардам көрсөтүштү.
Анатолий Федорович менен баарлашууда КР Энергетика тармагынын ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары И.А.Давыдов энергетика тармагындагы иштин абалы жана жагдайы, көйгөйлөрү жана келечектеги милдеттери жөнүндө айтып берди.
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК Улуу Ата Мекендик согуштун бардык катышуучуларына жана ооруктун эмгекчилерине терең ыраазычылык билдирет.
Урматтуу ардагерлер, Жеңиш үчүн Сиздерге терең таазим этебиз! Ачык асман, бейпил жашоо жана жаркын келечегибиз үчүн Алкыш айтабыз!
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта