17.06.2021 Электр энергиясынын кыска убакытка өчкөндүгү тууралуу маалымат
17.06.2021-ж. саат 19:28де «Фрунзенская-Шу Ч-514» чубалгысы авариялык өчүүгө учурады. Борбордук Азиянын бириктирилген энергетикалык тутуму (БА БЭТ) Түндүк Казакстандын Бирдиктүү энергетикалык тутумунан (БЭТ) обочолонуп иштөөгө бөлүнүп чыкты. Аварияга каршы автоматиканын (АКA) иштеши менен Жүктөм чектөөчү атайын автоматикадан (ЖЧАА) кошулумдар өчүрүлдү. Республика боюнча жыштык 49,4 Гц чейин төмөндөдү жана ЖЖАЖ (жүктөлүүнү жыштыктык автоматтык түрдө жеңилдетүү) ишке киргизилди.
Саат 20:01де Шу көмөк чордонунан Ч-514 өчүп, саат 20:04тө Түндүк Казакстандын БЭТинен обочолонуп иштөөгө бөлүнүп чыкты. Жыштык 48,88 Гц чейин төмөндөдү. Жыштыктын жөнгө салынышы Кыргыз энергетикалык тутумуна тапшырылды. Керектөөчүлөр ЖЧААдан жана ЖЖАЖдан өчүрүлдү.
Саат 20:26да Ч-514 транзитке туташтырылды. Кыргыз энергетикалык тутумунан жыштыктын жөнгө салынышы алынып салынды.
Керектөөчүлөр саат 20:55те туташтырылды.
Кыска убакытка өчүү Чүй облусунун Москва, Сокулук, Панфилов жана Жайыл райондорунда, Бишкек жана Токмок шаарларынын айрым жерлеринде орун алды.
Поделиться в социальных сетях