22.06.2021 “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКда “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты жөнүндө” токтом долбоорун талкуулоо болуп өттү
2021-жылдын 21-июнунда, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басарынын жетекчилиги астында “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты жөнүндө” токтом долбоору менен “Кыргызстан улуттук электр такмагы” ААКтын кызматкерлерин тааныштыруу презентациясы болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн энергетика тармагындагы актуалдуу маселелер, электр энергиясынын өздүк наркын жаппаган тарифтер, ошондой эле 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына сунушталган тарифтик саясаттын концепциясы талкууланды.
Талкуунун жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү сунушталган тарифтерге байланыштуу кеңештерди жана сунуштарды угушту.
Поделиться в социальных сетях