01.07.2021 Коопсуздук техникасын так сактоо - ийгиликтүү иштөөнүн жана ден-соолукту сактоонун ачкычы
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКда эмгек коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат. Коопсуздук техникасы компаниянын негизги баалуулуктарынын бири, анткени өндүрүштүк кызматкерлер күн сайын электр жабдууларынын күнү-түнү ишенимдүү иштешин камсыз кылып, электр тармактар комплексинин объекттеринде иштешет.
2021-жылдын 23-24-июнунда, Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын базасында семинар - кеңешме өткөрүлүп, анын жүрүшүндө кызматкерлер менен иштөөнү жакшыртуу, өндүрүштүк жаракат алуунун алдын алуу, күтүлбөгөн кырдаалдарды кыскартуу боюнча маселелер талкууланды.
Семинарга Мамэкотехинспекциянын жана Кыргыз Республикасынын Энергетика кызматкерлеринин профсоюзунун өкүлдөрү чакырылды.
Эмгекти коргоо боюнча ченемдердин жана эрежелердин сакталышын камсыз кылуу максатында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК мезгил-мезгили менен коопсуздук техникасы, өрт коопсуздугу, жол коопсуздугу жана электр жабдууларын эксплуатациялоо боюнча машыгууларды, окууларды жана кеңешмелерди өткөрүп турат.
Поделиться в социальных сетях