21.10.2021 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын энергетиктери Сары-Кыр ашуусунун чокусунда жайгашкан «Үрүмбаш-Жетиген» 110 кВ электр берүү чубалгысындагы аварияны жоюшту
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Нарын филиалынын энергетиктери Сары-Кыр ашуусунун чокусундагы деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайгашкан «Үрүмбаш-Жетиген» 110 кВ электр берүү чубалгысындагы аварияны жоюшту.
2021-жылдын 6-октябрындагы тоолуу ашууларда жааган калың кардан, катуу шамалдан жана зымдарга жабышкан суулуу кардан улам «Үрүмбаш-Жетиген» 110 кВ электр берүү чубалгысы иштен чыккан.
Бийиктиги 1-3 метрге жеткен кардан жолду тазалоо үчүн жети күн кетти. Буга атайын техникалар - Камаз, Кран, Бульдозер, Урал, Экскаватор, Жүктөгүч жана Бензин агрегаттары тартылды.
Энергетиктер ал жерге жетишип, бузулуунун чоо-жайын ачыкташты. Тоңуп калган зымдардын оордугунан улам темир тирөөчтүн үстүңкү бөлүгү ийилип, үч фазадан тараган ЭБЧ зымдарынын үчөө тең үзүлгөн.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Нарын филиалынын бригадалары абанын температурасы төмөн болгон шарттарда үч күн бою авариялык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.
Оңдоо иштери 2021-жылдын 19-октябрында аяктап, «Үрүмбаш-Жетиген» электр берүү чубалгысы ишке киргизилди.
Поделиться в социальных сетях