22.10.2021 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК Ош облусундагы жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорунун ишенимдүү иштөөсүн жогорулатты
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Ош филиалынын адистери капиталдык куруунун алкагында Ош шаарындагы жана Ош облусундагы жогорку чыңалуудагы үч ири көмөк чордонунун трансформатордук кубаттуулугун жогорулатуу боюнча иштерди бүтүрүштү.
- «Ош-6» 110/35/10 кВ көмөк чордонунун кубаттуулугу 15000 кВАга өстү.
- «Төлөйкөн» 110/35/10 кВ көмөк чордонунун кубаттуулугу 9000 кВАга өстү.
- «Маңгыт» 110/35/10 кВ көмөк чордонунун кубаттуулугу 3700 кВАга өстү.
Жалпысынан алганда трансформаторлордогу кубаттуулуктун өсүшү 30 000 кВА түздү.
Бул иштер керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо жана электр тармактык комплексти 2021/2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо үчүн жүргүзүлдү.
Поделиться в социальных сетях