2021-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында регионалдык энергетикалык тармактын маанилүү иш-чарасы – Борбордук Азиянын координациялык электр энергетикалык кеңешинин (БА КЭК) 36-жыйыны болуп өттү.
Жыйынга төмөндөгүлөр катышышты:
Катышуучулар - «Кыргызстан УЭТ» ААКтын башкы директору Ачикеев Ж.И., «Кыргызстан УЭТ» ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Жумакадыров А.М., «Кыргызстан УЭТ» ААКтын профилдик түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери (Кыргыз Республикасы), «KEGOC» АКтын Башкармалыгынын төрагасы Кажиев Б.Т., «KEGOC» АКтын профилдик түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери (Казакстан Республикасы), «Өзбекстан УЭТ» АКтын тутумдук кызматтар боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Мирзаев А.Т., «Өзбекстан УЭТ» АКтын профилдик түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери (Өзбекстан Республикасы), «Барки Точик» ААХКтын төрагасынын биринчи орун басары Асозода М.Ш., «Барки Точик» ААХКтын профилдик түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери (Тажикстан Республикасы).
Чакырылгандар – Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Ибраев Т.О., «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Байгазиев Т.А., «Энергия» КДБ директору Шамсиев Х.А., «Бирдиктүү энергетикалык тутумдун тутумдук оператору» АК Башкармалыгынын төрагасы Ф.Ю.Опадчий, «Г.Даукеев атындагы Алматы энергетика жана байланыш университети» КЭАКтын илимий жана инновациялык иштер боюнча проректору Суахимов А.А.
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев жыйынды ачып жатып, БА КЭКтин катышуучуларына ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады.
«Мен КМШ өлкөлөрүнөн келген энергетик кесиптештеримди Борбордук Азиянын Координациялык электр энергетикалык кеңешинин кезектеги жолугушуусунда тосуп алганыма кубанычтамын. Бүгүн биз Борбордук Азиянын Бириккен энергетикалык тутумундагы бир катар маселелерди талкуулап, мындан аркы кызматташууга багытталган жаңы маанилүү чечимдерди макулдашып, кабыл алышыбыз керек. Практика көрсөткөндөй, параллелдүү иштөө баарыбыз үчүн зарыл жана маанилүү, өзгөчө күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн», - деди Таалайбек Ибраев.
Жыйында Борбордук Азиянын Бирдиктүү энергетикалык тутумунун (БА БЭТ) 2021-жылдагы вегетация мезгилиндеги ишинин жыйынтыгы жана алдыдагы 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилинде күтүлүп жаткан БА БЭТтин иштөө режими каралды. Борбордук Азиянын Бирдиктүү энергетикалык тутумунун макулдашылган аракеттерин камсыз кылуу жана параллелдүү иштөөсүн координациялоо боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо учурунда өзгөчө көңүл региондогу суунун кемчилдигине бурулду.
БА КЭКтин 36-жыйынынын жыйынтыгында энергетикалык тутумдардын параллелдүү ишинин оптималдуу режимдерин жана макулдашылган аракеттерин камсыздоого, ошондой эле Борбордук Азиянын отун-энергетикасын, суу ресурстарын комплекстүү жана сарамжалдуу пайдаланууга багытталган олуттуу чечимдер кабыл алынды.
Муну менен бирге БА КЭКтин 35-жыйынынын Протоколунун чечимдеринин аткарылышы жана Борбордук Азиянын Бирдиктүү энергетикалык тутумунун ишенимдүү иштеши боюнча бир катар маселелер талкууланды, атап айтканда, энергетикалык тутумдардын чектериндеги электр энергиянын жана кубаттуулуктун макулдашылган сальдо-агымдарынын сакталышы, жыштыктарды автоматтык түрдө жөнгө салуучу атайын автоматиканын көлөмүнүн аткарылышы боюнча маселелер.
Мындан тышкары, россиялык кесиптештердин өтүнүчү менен БА КЭКтин ишине байкоочу катары катышуу үчүн Россиянын «БЭТ ТО» АКтын өкүлдөрү чакырылган.
Маалымат үчүн:
Борбордук Азиянын КЭК мүчөлөрүнүн курамына 4 өлкөнүн тутумдук операторлору кирет, алар: «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК (Кыргыз Республикасы), «KEGOC» АК (Казакстан Республикасы), «Өзбекстан УЭТ» АК (Өзбекстан Республикасы) жана «Барки Точик» ААХК (Тажикстан Республикасы).
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта