27.10.2021 КУЭТ: Жалал-Абад облусунда үч жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун кубаттуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүрүүдө
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Жалал-Абад филиалынын адистери Жалал-Абад облусунда жайгашкан «Ак-Коргон» жана «Мырзажан» жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордун трансформатордук кубаттуулугун жогорулатуу боюнча иштерди бүтүрүштү.
«Ак-Коргон» 110/10 кВ көмөк чордонунда 6300 кВА түзгөн кошумча трансформатордук кубаттуулук ишке киргизилди.
«Мырзажан» 110/35/10 кВ көмөк чордонунун №1 трансформаторунун кубаттуулугу 6 300 кВАдан 25 000 кВАга өстү.
Мындан тышкары «Кристал» 220/110/10 кВ көмөк чордонунда кошумча трансформатордук кубаттуулуктар ишке киргизилип, экинчи кезектеги иштер жүрүп жатат.
Трансформатордук кубаттуулукттардын өсүшү жалпысынан 88 000 кВА түздү.
Бул иштер 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө электр тармактык комплексти даярдоонун алкагында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо жана иштеп жаткан күч трансформаторлорунун жүктөлүүсүн жеңилдетүү үчүн жүргүзүлүүдө.
Поделиться в социальных сетях