17.12.2021 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта 2021-жылдын мыкты көмөк чордону, көмөк чордондордун мыкты тобу, АЧ кызматынын мыкты участогу деген кароо-сынак болуп өттү
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын сынактык комиссиясы 2021-жылдын мыкты көмөк чордону, көмөк чордондордун мыкты тобу, АЧ кызматынын мыкты участогу аттуу кароо-сынактын жыйынтыгын чыгарды. Мындан тышкары, комиссия тарабынан эмгекти коргоого, коопсуздук техникасынын, өрт коопсуздугунун жана жол коопсуздугун сакталышына да баа берилди.
Ишканада жыл сайын өтүүчү кароо-сынак көмөк чордондордун жана аба чубалгылардын электр жабдууларынын пайдаланылышы жана ишенимдүү иштеши боюнча маселелерди чечүүгө инженердик-техникалык кызматкерлерди кеңири тартуу, эмгекти коргоо, өрт коопсуздугу жана жол коопсуздугу боюнча шарттарды жакшыртуу, ошондой эле кемчиликтерди өз убагында аныктоо жана аларды тез арада чечүү максатында өткөрүлөт.
Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.
Поделиться в социальных сетях