30.12.2021 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын энергетиктери жаңы жылдык майрамдарда күчөтүлгөн режимде иштешет
Урматтуу кыргызстандыктар!
Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз!
Сиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге ийгиликтерди жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалайбыз!
Үйүңүздөрдө ар дайым жылуулук жана жайлуулук болсун, жан дүйнөңүздөрдө тынчтык жана бакыт өкүм сүрсүн.
Жаңы жылдык майрам күндөрү, ошондой эле иш күндөрүнүн жылдырылышын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тапшырмасы боюнча «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өтөт.
Бул күндөрү ишкананын борбордук аппаратынын жетекчилиги, бардык филиалдардын жетекчилери, ошондой эле «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жооптуу адистеринин кезмети уюштурулат.
Өзгөчө кырдаалдарга карата ыкчам жоюу схемалары иштелип чыгып, оперативдүү оңдоолорго кам көрүлөт. Бардык оңдоо бригадалары зарылдуу запастык бөлүктөр менен камсыздалынды. Ошондой эле, энергетикалык объектилерди коргоо боюнча чаралар күчөтүлдү.
Поделиться в социальных сетях