28.07.2022 «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКта акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу болуп өттү.
2022-жылдын 27-июлунда «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКта акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу болуп өттү.
Чогулушта төмөндөгү маселелер талкууланды жана кабыл алынды:
- Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү.
- «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсына "Түндүкэлектр" ААКсынын кошулуу жөнүндөгү келишимин бекитүү;
- «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсына "Чыгышэлектр" ААКсынын кошулуу жөнүндөгү келишимин бекитүү;
- «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсына "Ошэлектр" ААКсынын кошулуу жөнүндөгү келишимин бекитүү;
- «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсына "Жалалабатэлектр" ААКсынын кошулуу жөнүндөгү келишимин бекитүү;
- Жүгүртүүдөгү жөнөкөй акциялардын санын көбөйтүү жана коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө.
- «Түндүк электр» ААК, «Чыгыш электр» ААК, «Ошэлектр» ААК жана «Жалалабатэлектр» ААК акционерлеринин арасында Коом тарабынан кошумча чыгарылган жөнөкөй аталыштагы акцияларды жеке жайгаштыруу жөнүндө.
- Коомдун филиалдарын түзүү жөнүндө.
- Коомдун Уставын жаңы редакцияда бекитүү.
- Ишкананы Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында жана башка мамлекеттик органдарында кайра каттоо жөнүндө.
- Коомдун Директорлор кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү.
- Коомдун Башкы дирекциясы жөнүндө жобого өзгөртүүлөр.
- Коомдун текшерүү комиссиясы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү.
- «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө.
- «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө.
- «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө.
- «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө.
Чогулуштун жыйынтыгы жакынкы күндөрү «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын расмий сайтында www.nesk.kg жарыяланат.
Поделиться в социальных сетях