29.07.2022 Ушул жумада Кыргызстанда аномалдуу ысык аба ырайынан улам жайкы электр энергиясын керектөө энергосистемадагы эң жогорку чекке жетти.
Бүгүнкү күндө республиканын энергетика системасында орточо суткалык керектөө 34 миллион 300 миң киловатт-саатты түзөт. 2021-жылы бул көрсөткүч 32 миллион 76 миң киловатт-саат болсо, 2020-жылы 28 миллион 55 миң киловатт-саатты түзгөн.
Быйыл жайкы керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда катталып, 35 миллион 353 миң киловатт-саатты түзгөн.
Учурда электр энергиясын керектөөнүн жогорку деңгээлинде жана күз-кыш мезгилине карата жайкы оңдоо иштеринин алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын объекттери штаттык режимде иштеп жатат. Эскерте кетсек, жогорку чыңалуудагы көмөкчордондор жана электр чубалгылары ачык асман алдында жайгашкандыктан күндөн ашыкча ысып кетүүгө дуушар болушат, ошондой эле тармактагы жогорку чыңалуу жабдуулардын ысып кетишине алып келет.
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКы керектөөчүлөрдү бир убакта бир нече тиричилик техникасын күйгүзбөөгө жана электр энергиясына аяр мамиле кылууга чакырат. Электр энергияны сарамжалдуу колдонуу, аталган тармактагы авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартат.
Поделиться в социальных сетях