09.09.2022 Үй шартында электр энергиясын үнөмдөө үчүн эң жөнөкөй эрежелер
1) Асма шамдар менен лампаларды тазалап туруу керек, чаң баскан лампанын жарык берүүсү 30 пайызга чейин төмөн болуп калат.
2) Ошондой эле керек эмес учурда аны өчүрүп коюуда туура.
3) Терезе айнектер таза болушу зарыл, ал жарыктын жана күн энергиясынын бөлмөгө киришине шарт түзөт
4) Ал эми уюлдук телефонду заряддагандан кийин аны, телефондон гана ажыратпастан токтон сууруп салуу абзел.
5) Үй тиричилик техникаларын сатып алууда анын электр энергиясын үнөмдөө таблицасына көңүл буруу керек. Эң үнөмдүүсу A+++,A+,A деп белгиленет, ал эми көп сарптагандарга B,C,D,E,F,G лар кирет.
Поделиться в социальных сетях