12.09.2022 “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын энергетиктери мектеп окуучулары үчүн көмөкчордондо экскурсия өткөрдү
Экскурсиянын алкагында үйгө жана мектепке электр энергиясы кайдан жана кантип келет? аны кантип үнөмдөө керек? энергетик болуу үчүн кандай жөндөмгө ээ болуу зарыл? ушул жана башка суроолорго Улуттук илимдер академиясынын энергетиктери жооп беришти. Экскурсиянын жүрүшүндө балдарга электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү кандай ишке ашат, энергетикалык жабдуулар кандай иштейт жана күнүмдүк турмушта энергияны үнөмдөөнүн жолдору айтылды. Ошондой эле мектеп окуучуларына электр объектилерине жакын жерде сак болууну эскертип, жолдо зым пайда болуп же үзүлүп калса, кандай чараларды көрүү керектигин түшүндүрүштү. Атайын көрсөтүлгөн эрежелер сакталбаса, ар кандай коркунунучка кабылаарын айтышты.
Экскурсиянын катышуучулары негизги электр жабдууларын кызыгуу менен карап чыгышты, аларды эксплуатациялоонун эрежелери, өзгөчө кырдаалдарда өздүк курамдын канчалык тез аракет кылышы жана электр энергетика тармагында иштеген адистердин жоопкерчиликтери менен таанышты.
Адистер мектеп окуучуларынын энергетика тармагындагы бардык суроолоруна жооп берүүгө ар дайым даяр экендигин кошумчалашты.
Поделиться в социальных сетях