01.10.2022 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбековдун Эл аралык карылар күнү менен куттуктоосу
Урматтуу ардагерлер,
Энергетика тармагында эмгектенген улуу муундун өкүлдөрү!
Сиздерди «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын чоң жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Эл аралык карылар күнү менен куттуктайм! Бул күнү биз улуу муундун өкүлдөрүнө, биздин негизги насаатчыларыбызга, Кыргызстандын энергетикалык тармагын куруучуларга өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин тажрыйбаңыздар биз үчүн баа жеткис, биздин муун сиздердин ишиңиздердин татыктуу улантуучулары болууга умтулат.
Бүгүнкү күндө татыктуу эс алууда болсоңуздар да, дагы эле жигердүү турмуштук позицияны кармап, болгон билимиңиздерди жана тажрыйбаңыздарды өсүп келе жаткан жаш муундарга үйрөтүп келесиздер.Мекенибиздин келечеги үчүн талыкпас, ак ниет эмгегиңиздерге терең алкыш айтабыз. Сиздерди баалайбыз, сыйлайбыз урматтайбыз жана сиздерге чың ден-соолук, узун өмүр, бакубат жашоо, ийгилик, үй-бүлөңүздөргө тынчтык жана амандык каалайм.
Ошондой эле, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК бардык улуу муундун өкүлдөрүн бүгүнкү майрамы менен куттуктайт.
Урматтоо менен,
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын
Башкы директору Рысбеков А.Д.
Поделиться в социальных сетях