08.10.2022 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын кызматкерлери «Таза Мурас» жалпы улуттук кампаниясынын алкагында Улуттук тазалык күнүнө катышты
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын кызматкерлери «Таза Мурас» жалпы улуттук кампаниясынын алкагында Улуттук тазалык күнүнө катышты. Ага ылайык мекеме кызматкерлери шаар мэриясы бөлүп берген аймакта тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан башталган «Таза Мурас» акциясы 2022-жылдын 31-октябрына чейин уланат.
Республиканын жалпы жарандарын айлана-чөйрөнү иреттеп-тазалоого, тийиштүү аянттарды көрктөндүрүүгө жана өзүбүз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чакырабыз. Экологияга кам көрүү, тазалыкты жана жагымдуу шарттарды түзүү ар бирибизден башталат! Жарандык активдүүлүктү көрсөтүп, четте калба!
Поделиться в социальных сетях