14.10.2022 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» менен «Россети» стратегиялык кызматташуу боюнча макулдашты
«Россети» ААК менен «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК электр тармактар комплекстерин өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту. Документке компаниянын жетекчилери Андрей Рюмин менен Алтынбек Рысбеков Москвада өтүп жаткан REW-2022 форумунун алкагында кол койду. Макулдашууда инфраструктураны куруу жана модернизациялоо жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын электр энергетикалык тутумдарын өнүктүрүү боюнча схемаларды жана программаларды иштеп чыгууда өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү каралган. Компаниялар ошондой эле корпоративдик окуу борборлорунун базасында адистерди даярдоо жана кайра даярдоо, керектөөчүлөрдүн технологиялык байланышы, энергетикалык объектилерди долбоорлоо жана куруу, электр тармактар комплексин санариптик трансформациялоо сыяктуу маселелердин кеңири спектри боюнча тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырууда. .
«Бул Россия менен Кыргызстандын электр тармактар компаниялары түзгөн алгачкы масштабдуу келишим. Ал инновациялык технологияларды, электр жабдууларын иштеп чыгуу жана колдонуу, сертификациялоо жана сыноолорду камтыган эң актуалдуу багыттар боюнча кызматташуу үчүн шарттарды түзөт. Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу эки өлкөнүн энергетикалык тармактарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», — деди Андрей Рюмин.
«Биздин кызматташтыгыбыз Кыргызстан менен Россиянын ири энергетикалык компанияларынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк болот, ошондой эле укуктук документация, заманбап инновациялык технологиялар, тажрыйба алмашуу жана персоналды өнүктүрүү жаатында жемиштүү кызматташууга түрткү берет», - деди Алтынбек Рысбеков.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК — өндүрүлгөн электр энергияны Республиканын бүткүл аймагына ташуучу жана бөлүштүрүүчү энергетикалык компания. Компания ошондой эле Республиканын улуттук энергетика системасын борборлоштурулган оперативдүү-диспетчердик башкарууну жүзөгө ашыруучу системалык оператор болуп саналат. Ишкананын карамагына 12 000 кмден ашык 35-110-500 кВ аба чубалгылары жана 547 көмөкчордон кирет.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта