26.11.2022 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Рысбеков Алтынбек Дурусбекович бардык электр тармактар ишканаларынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү
Жыйында 2022-2023-ж.ж. күз-кыш мезгилдеринен ийгиликтүү өтүү үчүн электр тармактардагы даярдыктар боюнча маселелер талкууланды. Алтынбек Рысбеков өз сөзүндө калкка электр энергиясы үзгүлтүксүз берилиши керектигин баса белгиледи. Ишкана техникалык жактан бардык кырдаалга даяр болуп, атайын ыкчам бригадалык топтор түзүлүшүн катуу көзөмөлгө алуусун эскертти. Ошондой эле, башкы директор электр тармактарынын жетекчилерине өлкө боюнча жарык үзгүлтүккө учурабашы керек» деген талабын койду.
Жыйынтыгында облусттук электр тармактардын жетекчилери аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат беришти.
Поделиться в социальных сетях