06.12.2022 Энергетика министринин тапшырмасына ылайык "КУЭТ" ААКтын филиалдары кышка даярдык паспортторун алышты
Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин тапшырмасы менен "Кыргыз улуттук электр тармагы" ААКтын бардык филиалдары 2022-2023-жылы кышка даяр экенин тастыктаган паспортун алышты. Бул паспорт электр тармактар комплексинин ишенимдүү жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык шарттардын аткарылгандыгын тастыктаган документ.
Аталган паспортту алуу үчүн региондогу электр тармактар ишканалары бир топ жумуштарды аткарды. Алардын катарында пландык, капиталдык оңдоолор, көмөк чордондорду жана электр берүүчү чубалгыларды модернизациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Мындан тышкары электр жабдууларын суу ташкындарынан коргоо боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлүп, имараттар жана авто унаалар оңдоодон өткөрүлдү.
Маалыматка ылайык, электр тармактар ишканаларынын кышка даярдыгын текшерүү комиссия тарабынан жеринде жүргүзүлдү. Комиссиянын курамында КРдин Энергетика министрлигинин, Улуттук энергохолдингдин, Энергетикалык көзөмөл кызматынын жана "КУЭТ" ААКнын өкүлдөрү бар.
Эске салсак, "КУЭТ" ААКтын 8 филиалы бар:
• Ысык-Көл электр тармактары ишканасы;
• Нарын электр тармактары ишканасы;
• Ош электр тармактары ишканасы;
• Талас электр тармактары ишканасы;
• Баткен электр тармактары ишканасы;
• Чүй электр тармактары ишканасы;
• Бишкек электр тармактар ишканасы;
• Жалал-Абад электр тармактары ишканасы.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта