22.12.2022 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК энергетика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт!
Энергетика бул — өлкө экономикасынын флагманы, жарандардын жашоо-тиричилиги жана ири өнөр жай объектилери үчүн зарыл шарт болуп эсептелет. Ошондуктан, энергетика тармагы — республикабыздын туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен өзгөчө тармак. Мамлекеттин өнүгүшү энергетиктердин эмгегинен түздөн-түз көз каранды. Анткени, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуунун аркасында үйлөр, ишканалар, мамлекеттик мекемелер жарык жана жылуу болот.
Ардактуу кесиптин ээлери, сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди жана ошондой эле ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө чын ден соолук, бакыт-таалай, бейкуттук каалайбыз!
Маалымат үчүн: Жылдын эң кыска күнүнө жана эң узун түнүнө дал келген 22-декабрь энергетиктер күнүн - бул тармактын бардык электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү жана керектөөчүлөргө сатууну камтыган кызматкерлер белгилейт.
Поделиться в социальных сетях