Энергетика тармагы Кыргыз Республикасынын байлыгы жана өлкөбүздүн экономикасына, калкка жана социалдык чөйрөгө тирек болуп саналат. Ошондуктан, энергетиктер өз ордуларында күнү-түнү иштеп, керектүүчүлөргө толук камдуу электроэнергиясын үзгүлтүксүз камсыздап беруугө даяр.
Энергетика - өлкөнүн өнөр жай ишканаларынын, мамлекеттик мекемелердин, мектептердин, ооруканалардын үзгүлтүксүз иштеши, үйлөрүбүздөгү жылуулук жана ыңгайлуулук энергетиканын ишине көз каранды. Энергетикалык ишканаларда миңдеген мыкты адистер иштейт, алар кыйынчылыктарга карабастан керектүүчүлөргө энергия менен туруктуу жана коопсуз камсыздоого даяр.