07.12.2017 Ысык-Көл облусунда автоунаа электр өткөрүү чубалгысынын тирөөчүн сүзүп кеткен
2017-жылдын 7-декабрында түнкү саат 00:14тө Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында «Мерседес» автоунаасынын айдоочусу электр өткөрүү чубалгысынын №47 тирөөчүн сүзүп алган. Натыйжада Күн-Батыш көмөк чордонунда В-10 Т-1 чөнөгүндөгү бузулуудан Т-1де авариялык өчүү болгон.
Азыркы учурда авариялык-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Жарыксыз калган керектөөчүлөр альтернативдик схема аркылуу электр энергиясы менен камсыз кылынууда.
Поделиться в социальных сетях