24.09.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун Жалал-Абаддагы филиалы күз-кыш мезгилине жигердүү даярдык көрүүдө
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун Жалал-Абаддагы филиалы өздөрүнө берилген энергетика тармагын 2018-2019-жылдар күз-кыш мезгилине талаптагыдай даярдап жатышат.
2018-жылдын 8 айынын ичинде 34 көмөк чордондордо жана 50 чакырым электр өткөрүү чубалгыларында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары 38 көмөк чордондор менен 488 чакырым электр өткөрүү чубалгыларында утурумдук оңдоп-түзөтүү иштери алып барылды. «Кристалл-Таш-Көмүр ГЭС-2» багыты боюнча 220 кВ чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысында тийиштүү жабдуулар алмаштырылып, «Таш-Көмүр ГЭС» электр кубатын толугураак , кубаттуурак өткөрүү мүмкүндүгү жаралды.
Алдын ала түзүлгөн пландар боюнча, областты электр энергиясы менен камсыз кылуунун объекттерин кезеги менен модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. 220 кВ чыңалуудагы “Төрөбаев” көмөк чордонунда май өчүргүчтөрүн элегаз өчүргүчтөрүнө алмаштыруу ишке ашырылды. Айрыкча областтын калкын электр тогу менен талаптагыдай үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында электр чубалгыларынын жогорку ишенимдүүлүгү үчүн чубалгы трассаларын тазалоого өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле 110 кВ чыңалуудагы «КГЭС-Городок», 500 кВ чыңалуудагы «ТГЭС-Фрунзенская» жана “ТГЭС-Датка», 220 кВ чыңалуудагы «КГЭС-Датка», 110 кВ чыңалуудагы «Үрүмбаш-Жетиген» аба чубалгыларына бара турган жолдор, кире бериштери оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүлдү. «Төрөбаев», «Нижняя», «Тепличная», «Избаскент», «Ак-Коргон», «Городок», «Абасбеков» көмөк чордондору жайгашкан жайлардагы сел каналдары тазаланып, 500 кВ чыңалуудагы «ТГЭС-Датка» чубалгысынын №116 түркүгү, 110 кВ чыңалуудагы «Абасбеков-КАГЭС 2» линиясындагы №72 түркүк бекемделди.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун Жалал-Абаддагы филиалында жогорку чыңалуудагы электр тармактарын күз-кыш мезгилине карата даярдоо иштери планга ылайык жүргүзүлүүдө.
Билдирме: «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын жети филиалы бар:
- Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармагы ишканасы;
- Талас жогорку чыңалуудагы электр тармагы ишканасы;
- Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармагы ишканасы;
- Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы электр тармагы ишканасы;
- Ош жогорку чыңалуудагы электр тармагы ишканасы;
- Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармагы ишканасы;
- Окуу борбору.
Компаниянын бардык филиалдарында 2018-2019 жылдар күз-кыш мезгилине жигердүү даярдык жүргүзүлүүдө.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта