31.12.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын энергетиктери жаңы жыл майрамдарында күчөтүлгөн тартипте иштешет
Жаңы жыл жана провославдардын Рождество майрамдарында, ошондой эле иш күндөрүнүн жылышына байланыштуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын энергетиктери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат, колдонуучуларды электр энергиясы менен туруктуу камсыздоо максатында атайын иш чаралар кабыл алынган.
2019-жылдын 1-январынан 7-январына чейин оңдоо жана профилактикалык иштер жүргүзүлбөйт, себеп мындай учурда убактылуу электр жарыгын өчүрүүгө муктаждык пайда болот.
Эгерде штаттык эмес абал түзүлсө, оперативдүү түрдө аны жоюу боюнча схема авариялык-оңдоо запасы даярдалган. Ошондой эле энергетиктердин авариялык бригадасы күн-түнү нөөмөттө болушат.
Бул күндөрү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук аппаратынын, филиалдардын жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлерден турган кезмет түзүлөт.
Ошондой эле ишканалардын энергообъектери күчөтүлгөн тартипте кайтарылып, көмөк чордондордогу кызмат жана өндүрүштүк бөлмөлөр өрткө каршы туруу боюнча зарыл болгон жабдыктар менен камсыздалгандыгы текшерилет.
Поделиться в социальных сетях