31.12.2018 2018-жылдын 28-декабрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу өттү
Күн тартибинде төрт маселе каралды:
- Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө.
- 2018-жылга «Кыргызстан улуттук электр тармагы ААКнын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
- «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу.
- Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө.
Жыйында жалпы акционерлердин добушу менен эсептөө комиссиясынын курамы бекитилди, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын 2018-жылдагы бюджетине, коомдун Уставына өзгөртүү киргизилди.
Ошондой эле жалпы добуш менен директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп -
Садыков Нурлан Маткасымович;
Есенбаева Бакыт Усенбековна;
Байгазиев Талайбек Аскарович шайланды.
Поделиться в социальных сетях