15.04.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын кызматкерлери кезектеги ишембиликке чыгышты
2019-жылдын 13-апрелинде «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук аппаратынын кызматкерлери кезектеги ишембиликке чыгышты.
Бул жумада борбордук аппараттын кызматкерлери Орозбеков көчөсүнүн жээгин, Жибек-Жолу проспектисинен Эркиндик бульварына чейин жээктей жыйнашты.
Филиалдарда административдик имараттардын, көмөк чордондордун тегерек-четтери тазаланды, жашылдандырылып, бак-дарактар отургузулду.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК республиканын шаарларын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлыкты активдүү колдоодо.
Поделиться в социальных сетях