27.05.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда «Энергетикадагы санариптик технологиялар» деген аталыштагы Бирдиктүү презентациялык күн жыйынтыкталды (фоторепортаж)
2019-жылдын 23-24-майында Кыргызстандын энергетикалык тутумунун 85-жылдык мааракесинин жана «Биргеликте жарыкта!» фестивалынын алкагында «Энергетикадагы санариптик технологиялар» темасы алдында Бирдиктүү презентациялык күн өттү.
Иш-чараны «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Медетбек Айткулов ачты. Ал өз сөзүндө энергетика тармагы, электр жабдуулар да санариптешип жаткандыгын айтты.
«Бирдиктүү презентациялык күнгө жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн энергетиканы санариптештирүү тармагындагы алдынкы адистер чакырылган. Алар Кыргызстандагы энергетикалык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүштү. Иш чаранын жыйынтыгында эксперттик комиссия кайсыл санариптик технологияларды азыркы тапта жана кийин киргизүү керектигин аныктайт. Бул нерсе Кыргызстандын энерго тутумун санариптештирүүгө түрткү болот», - деди М.Айткулов.
Бирдиктүү презентациялык күндүн алкагында ООО «Свей», ООО «Интрон Плюс», ООО «Уралэнергосервис, ООО «SAP СНГ», ООО «Норбит», ООО НПП «Экра», ЗАО «НПК «Энергосоюз», ООО «НПП «Динамика», ТОО «Siemens», Sergi transformer protector, ООО «НПФ «Модем», ООО «Релематика», Qualitrol LLC, АО «Информтехника», ООО «СМС – Информационные технологии», ООО «Промэнерго», ООО «Масса» жана башка өндүрүүчү компаниялардын докладдары, презентациялары тартууланды.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» компаниясында өткөн иш чара республикадагы энергетиктер арасында чон кызыгуу жаратты. Ага «Улуттук энергохолдинг», «Электр станциялары», «Түндүкэлектр», «Чыгышэлектр», «Жалал-Абадэлектр», «Ошэлектр», «Чакан ГЭС» ачык акционердик коомдору, КР өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, «Энергодолбоор», Раззаков атындагы КМТУ, Б.Ельцин атындагы окуу жайынан өкүлдөр катышты.
БПК жыйынтыгы боюнча эксперттик комиссия «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда РЕТОМ ООО «НПП «Динамика» жана ООО «Свей», АЧ техникалык абалына мониторинг жүргүзүү боюнча «Интрон Плюс» компаниясынын жабдууларын пайдалануу сунушун берди.
Мындан тышкары эксперттик комиссия БПД көрсөтүлгөн жабдууларды Кыргыз Республикасынын энергокомпанияларына пайдалуу деп тапты – Simens «Электр энергиясын интеллекттуалдык бөлүштүрүү, SERGI Transformer Protector компаниясынын «Жарылууга жана өрткө каршы тутуму», «Норбит» УПАСК-КЕДР 2.0 негизинде санариптик каналдарды түзүү», «АЧ санариптик каналдарды киргизүү тажырыйбасы» ООО «НПФ «Модем», «Qualitrol компаниясынын энергоүнөмдөөчү объектерде заманбап мониторинг жана диагностика жабдыктары», ««МиниКом» АО «Информтехника» платформасынын негизинде энергетикалык ишканаларды байланыш тутумун бирдиктүү чечүү, SAP компаниясынын «Энергетикада бирдиктүү санариптик тутум, «НЕВА», «НПФ «Энергосоюз», «Инфоконт» ООО «Промэнерго», ООО «Масса» жана башка компаниялардын долбоорлорун белгилешти.
Төмөндөгү долбоорлор инновациялык деп табылды:
«Экра» ООО «НПП «Экра» - «Инновациялык долбоорлорду ишке ашыруудагы тажырыйбасы»;
«Релематика» - «Релематика санариптик чечимдер 6 – 750 кВ энергетикалык объектер үчүн»;
«Siemens» компаниясынын - «Релелик коргоо жана автоматикадагы чечимдери».
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта