27.05.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК электрэнергиясын үнөмдөө боюнча «Биргеликте жарыкта - Кыргызстан!» фестивалына катышууда
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК электрэнергиясын үнөмдөө жана энергетикалык эффективдүүлүк маселелерин колдогон «Биргеликте жарыкта - Кыргызстан!» фестивалына жигердүү катышууда.
Фестиваль 2016-жылдан бери Россия Федерациясында өткөрүлүп келет. 2018–жылы фестиваль эл арлык деңгээлге чыгып Казакстанда андан ары эстафета Арменияга, 2019-жылы Кыргызстанга берилген.
Фестивалдын башкы максаты электрэнергиясын үнөмдүү пайдалануу жашоо түрүн үйрөтүү. Мектептерде, бала бакчаларда тематикалык сабактар, ар кыл оюн зооктор, сынактар, энергетиктер менен студенттердин жолугушуулары, энергетикалык компанияларда ачык эшик күндөрү өткөрүлүүдө.
«Биргеликте жарыкта - Кыргызстан» фестивалынын башкы максаты кыргызстандыктарды электрэнергиясын сарамжалдуу пайдалануу, жашоо тиричиликте заманбап энергоэффективдүү технологияларды пайдаланууга чакыруу.
Фестиваль Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Улуттук энергохолдинг, БУУнун Өнүктүрүү программасы, республикадагы энергетикалык компаниялардын жана коомдук уюмдардын катышуусу, колдоосу менен өтүүдө.
Фестивалдын социалдык тармактарда хэштеги #ВместеЯрче, #ВместеЯрчеКыргызстан.
Поделиться в социальных сетях