28.05.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын кызматкерлери балдар үчүн электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу жана коопсуздук боюнча ачык сабак уюштурушту
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын кызматкерлери 1-июнь «Балдарды коргоо күнүнүн» алдында жана «Биргеликте жарыкта - Кыргызстан» фестивалынын алкагында Чүй областындагы «Нурдан-Нур» балдар бакчасынын тарбиялануучулары үчүн энергетикалык коопсуздук жана электр энергияны үнөмдөө боюнча ачык сабак уюштурушту.
Балдарга оюн аркылуу, жеңил жол менен токко урунуп калбаш үчүн эмне кылыш керектигин, үйдө улуулар жок кезде өзүм билемдик кылып электр жабдыктарын, үй тиричилик техникасын иштеткенге болбой тургандыгы тууралуу айтып, көрсөтүп беришти.
Аларга электр энергиясы кайдан алынаары, үйүбүзгө кандай жолдор менен жете тургандыгы айтылып, электр энергиясын эмне үчүн үнөмдөш керек экендиги түшүндүрүлдү.
Ошондой эле, ары кооптуу, ары татаал болгон кесиптин ээлери энергетиктер тууралуу айтып беришти.
Белгилей кетүүчү нерсе: «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана энергетикалык эффективдүүлүк боюнча «Биргеликте жарыкта – Кыргызстан» фестивалына жигердүү катышууда. Фестивалдын алкагында мектеп, бала бакчаларда тематикалык сабактар өтүп, студенттер үчүн ачык эшиктер күнү уюштурулууда.
Поделиться в социальных сетях