28.05.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын энергетиктери Жалал-Абад областындагы «Токтогул ГЭС-Датка» жогорку чыңалуудагы 500 кВ электр берүү чубалгысын оңдоп бүттү
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК энергетиктери алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча катаал аймакта жайгашкан Айры-Таш ашуусундагы «Токтогул ГЭС-Датка» жогорку чыңалуудагы 500 кВ электр берүү чубалгысын оңдоп бүттү.
Оңдоо иштерине компаниянын Жалал-Абад филиалынын 4 бригадасы катышкан жана атайын техника тартылган. Бул аймакта жүргүзүлө турган иштер кооптуу болгондуктан, ордунда техникалык коопсуздукту контролдоо жана сактоо боюнча атайын кызмат көзөмөл жүргүздү.
Жогорудагы электр берүү чубалгысынын №48-49-тирөөчтөрдүн аралыктарында ажыраган зымдар бириктирилген. 2019-жылдын 22-майында башталган оңдоо иштери жыйынтыкталып электр өтөрүүчү чубалгы толугу менен чыңалууга коюлган.
Эскерте кетүүчү нерсе: 2019-жылдын 1-январында бул тилкеде зымдар ажырап авариялык өчүү болгон. Ошол убакта энергетиктер убактылуу схема аркылуу керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздашкан. Кыш мезгилинде шарты катаал болгон ашууда жайгашкан электр берүүчү чубалгысына атайын техниканы жеткирүү мүмкүн эмес болгон.
Поделиться в социальных сетях