30.05.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Жалал-Абад филиалында ачык эшиктер күнү өттү
Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Жалал-Абад филиалында Кыргыз Республикасынын энерготутумунун 85-жылдык мааракесинин жана «Биргеликте жарыкта - Кыргызстан» эл аралык фестивалынын алкагында студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өттү.
Ишкананын директорунун орун басары Жолдошали Торобаев компаниянын, ишкананын түздөн-түз аткарган милдеттери тууралуу айтып, студенттерге алдыдагы сессияны ийгиликтүү тапшырышын каалап өттү.
Катышуучуларга ишкананын адистери «Энергоэффективдүүлүк – экономикалык өнүгүүгө ачкыч», «Электржабдыктарын модернизациялоодогу эффективдүүлүк», «Чырактан баштап жарыкдиоддук лампага чейин» деген докладдарын сунушташты.
Студенттер техникалык класстарды жана жабдууларды ондоочу цехтерде болушту.
Иш чаранын жүрүшүндө, студенттер көп суроолоруна жооп ала алышты, алар уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришип мындай иш чараларды тез-тезден өткөрүп турушун сунушташты.
Поделиться в социальных сетях