30.05.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Талас филиалы студенттер үчүн ачык эшиктер күнүн уюштурушту
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Талас филиалы ТМУнун Талас техникалык институтунун жана Айыл чарба колледжинин студенттери үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрүштү.
Катышуучуларга адистер энергетика тармагындагы акыркы заманбап жабдуулар тууралуу айтып беришти. Студенттерге электр энергиясын үнөмдөө тууралуу кыскача өз сунуштарын жазып берүү сунушталган. Алар өз активдүүлүгүн көрсөтүштү.
Өз кезегинде окутуучулар жана студенттер «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Талас филиалынын энергетиктерине ыраазычылыктарын билдиришип, практика өтүүнүн жол-жоболоруна кызыгышты.
Ачык эшиктер күнүн «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Талас филиалы Кыргыз Республикасынын энерготутумунун 85-жылдык мааракесинин жана «Биргеликте жарыкта - Кыргызстан» эл аралык фестивалынын алкагында өткөрүштү.
Поделиться в социальных сетях