31.05.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ош филиалынын адистери ачык эшиктер күнүндө Кыргызстандын энерготутумунун тарыхы тууралуу айтып беришти
Кыргыз Республикасынын энерготутумунун 85-жылдык мааракесинин жана «Биргеликте жарыкта - Кыргызстан» эл аралык фестивалынын алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ош филиалында Ош мамлекеттик университетинин жана академик М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин профилдик факультетинин студенттери үчүн ачык эшиктер күнүн уюштурушту.
Ош филиалынын директорунун орун басары Арипжан Топчубаев «Кыргыз Республикасынын энерготутумунун негизделиши» жана «Ош шаарынын, областынын энергетикасынын тарыхы» деген темада докладын сунуштады.
Мындан тышкары, «Энергияны үнөмдөө», «Техникалык коопсуздуктун негиздери» жана «Электр тогу урган маалда биринчи жардам көрсөтүү» деген аталыштагы докладдар да болду.
Катышуучуларга компаниянын иши тууралуу видео-ролик сунушталып, ишкана менен тааныштырышты.
Өз кезегинде катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.
Поделиться в социальных сетях