31.05.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын окуу борборунда ачык эшиктер күнү өттү
Кыргыз Республикасынын энерготутумунун 85-жылдык мааракесинин жана «Биргеликте жарыкта - Кыргызстан» эл аралык фестивалынын алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын окуу борборунда ачык эшиктер күнү өттү.
Аймактык окуу жайлардын профилдик факультеттеринде билим алып жаткан студенттерге энергетик адистер, Кыргызстандын энергетикалык тутумунун тарыхы жана энергияны үнөмдөөдөгү заманбап жолдору тууралуу айтып беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тууралуу видео-ролик көрсөтүлдү, жабдылган класстар жана окуу борборундагы куралдар менен таанышышты.
Окуу жайдын директору Талайбек Аманканов студенттерге алдыдагы сессияны ийгиликтүү берип алышын, келечекте республиканын энергетикасына эмгек сиңирген адистерден болушун каалап өттү.
«Кыргызстан Улуттук электр тармагы» ААКнын окуу борбору – Республикадагы жалгыз адистештирилген мамлекеттик үлгүдөгү күбөлүк, сертификат берген окуу жайы болуп саналат.
Поделиться в социальных сетях