31.05.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Нарын филиалы ачык эшиктер күнүн өткөрдү
Кезектеги ачык эшиктер күнү Кыргыз Республикасынын энерготутумунун 85-жылдык мааракесинин жана «Биргеликте жарыкта - Кыргызстан» эл аралык фестивалынын алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Нарын филиалында өттү.
Иш-чарага келечектеги энергетиктер – Нарын мамлекеттик университетинин жана анын алдындагы колледждин студенттери катышышты.
Студенттерге «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын негизги милдеттери, көмөк чордондор, электр берүүчү жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары тууралуу айтып беришти. Мындан тышкары компаниянын иши тууралуу видео-ролик сунушталды.
Адистер студенттердин көңүлүн учурда Кыргызстанда гана эмес дүйнө жүзүндө актуалдуу болгон маслелердин бири, энергетикалык ресурстарга аяр мамиле жасоого бурду.
«Кыргызстан улуттук электр трамгы» ААК энергетикалык эффективдүүлүк жана электр энергиясын үнөмдөө маселелери боюнча «Биргеликте жарыкта» фестивалына жигердүү катышууда.
Ал 2016-жылдан бери Россияда өткөрүлүп келет, 2018-жылы эл аралык деңгээлге чыгып эстафета Казакстанга андан ары Армения жана Кыргызстанга берилген.
Поделиться в социальных сетях