31.05.2019 Келечектеги энергетиктер үчүн «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл филиалы ачык эшиктер күнүн уюштурушту
Кыргыз Республикасынын энергетикалык тутумунун 85-жылдык мааракесинин жана «Биргеликте жарыкта - Кыргызстан» эл аралык фестивалынын алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл филиалында ачык эшиктер күнү өттү. Иш-чарага Ысык-Көл мамлекеттик университети алдындагы колледждин профилдик факультетинде билим алып жаткан студенттер катышышты.
Катышуучуларга техникалык класстарды, диспетчердик кызматты жана Пржевальск көмөк чордонун көрсөтүштү. Адистер көмөк чордон кандай иштей тургандыгын, аймакка электр энергиясы кандай бөлүштүрүлөөрүн айтыш беришти.
Мындан тышкары ачык эшиктер күнүнүн катышуучлары үчүн энергияны үнөмдөө, коопсуздук маселелери боюнча сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулган.
Өз кезегинде студенттер кызыгууларын жашырбай, бул иш-чарадан көп пайдалуу нерселерди билип алышкандыгын айтышты.
Поделиться в социальных сетях