20.09.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргыз тилим – көөнөрбөс, өчпөс дилим!» аттуу салтанаттуу иш чара өттү
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын жыйындар залында 20-сентябрь күнү «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышынын 30-жылдыгы жана 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргыз тилим – көөнөрбөс, өчпөс дилим!» аттуу салтанаттуу иш чара өттү.
Салтанаттык иш чараны ачып жатып «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун орун басары Нурбек Абдылдабеков чогулгандарды майрамы менен куттуктады.
«Мамлекеттик тил күнү мамлекеттүүлүктүн символу. Улуттук дөөлөт уюган эне тилибизди ыйык тутуп, даңазалап, аны адабий тил деңгээлинен илим тили деңгээлине көтөрүү жана заманга, доорго жараша эл аралык илимий-техникалык терминдер менен байытуу, өнүктүрүү, келечекти көздөй тынымсыз эмгектенүү ар бир атуулдун милдети деп эсептейм», - деди Н.Абдылдабеков.
Ал Мамлекетти тил Кыргызстанда жашаган бырдык улуттарды бириктирген, достуктун, ынтымактын, биримдиктин тили болуп, келечеги кең болсун деди.
Салтанаттуу иш чара кыргыз эстрадасынын өкүлдөрүнүн концерти менен коштолду.
Поделиться в социальных сетях