25.10.2021 КУЭТ: Баткен облусундагы эки ири көмөк чордондо трансформатордук кубаттуулуктарды жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Ош филиалынын адистери Баткен облусунда жайгашкан «Самат» жана «Жин-Жиген» көмөк чордондорунун трансформатордук кубаттуулуктарын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
«Самат» 110/35/10 кВ көмөк чордонундагы №1 трансформатордун кубаттуулугу 10 000 кВАдан 16 000 кВАга өстү.
«Жин-Жиген» 110/35/6 кВ көмөк чордонундагы №2 трансформатордун кубаттуулугу 10 000 кВАдан 15 000 кВАга өстү.
Трансформаторлордук кубаттулуктардын өсүшү жалпысынан 11 000 кВА түздү.
Бул иштер 2021/2022-жылдардын күз-кыш мезгилине электр тармактык комплексти даярдоонун алкагында иштеп жаткан күчтүк трансформаторлордун жүктөлүүсүн жеңилдетүү жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо үчүн жүргүзүлүүдө.
Поделиться в социальных сетях